2017-жылдын 28-майында Кыргыз жеринде 19 айылдык, 2 шаардык кеӊештин депутаттарын шайлоо өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 27-мартта президенттик аппараттан билдиришти.
Жергиликтүү кеӊештин депутаттары шайланчу айыл округдары:
- Кадамжай районунун Совет айылы.
- Аксы районунун Кара-Жыгач айылы.
- Сузак районунун Кызыл-Туу айылы.
- Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылы.
- Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы.
- Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдары.
- Тоӊ районунун Улахол айылы.
- Араван районунун Юсупов айылы.
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылы.
- Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдары.
- Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылы.
- Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдары.
- Кемин районунун Көк-Ойрок айылы.
- Москва районунун Александровка айылы.
- Сокулук районунун Орок, Ново-Павловка айылдары.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак жана Ош облусунун Ноокат шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Президенттин жарлыгы менен өкмөткө, Борбордук шайлоо комиссиясына, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына шайлоого даярдык көрүү тапшырмасы берилди.