Мындан 90 жыл мурун, 1927-жылы 27-мартта Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып Кыргыз мамлекетинин кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон.
700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору. Негизги илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патологиясына арналган. Бийик тоо гипоксиясына адамдын фазалык түрдө көнүгөрүн аныктаган. Ал бийик тоо кардиологиясына негиз салуучулардын бири. Анын жетекчилиги менен 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жактаган.
Кыргыз Улуттук илимдер, Орусия медициналык илимдер жана Нью-Йорк академияларынын академиги. Мирсаид Миррахимов Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер, илим жана техниканын эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССР саламаттыкты сактоонун отличниги, КРнын билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык Ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов эки "Ардак Белгиси", эки Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III-даражадагы "Манас" ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
27-мартка карата жылнаама.