Жалал-Абад. Шаардык автобазанын директору ИИМдин жетекчисинин медалы менен сыйланды

Жалал-Абад ОИИБинин сунушу менен коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоодо, ошондой эле облустун аймагында стабилдүүлүктүн сакталып турушуна кызмат кылып, ички иштер органынын кызматкерлерине жакындан жардам көрсөтүп жүргөн жаран медаль менен сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери Зулпукарова Аида маалымдады. Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын директору Шабданбек Худайбердиев КРнын Ички иштер министри Шамиль Атахановдун 2012-жылдын 31-октябрь күнкү №831-буйругу менен "Кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракелик медалы" менен сыйланды. Медалды Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Апсаматович Нурдинов чоң ыраазычылык билдирүү менен министрдин атынан тапшырды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан