ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: 3 жыл мурун белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов өз унаасындагы жардыруудан каза тапкан

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 27-мартта кикбоксчу Руслан Абасов өз унаасында болгон жардыруудан каза тапкан. Окуя Токмок шаарында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган. Унаанын арткы орундугунда жубайы да болуп, ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Спортчунун өлүмү боюнча тергөө иштери азыркыга чейин аягына чыга элек.

Белгилей кетсек, Руслан Абасов 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.
1994-жылы "Гермес-профи" клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы "Гермес-профиге" Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгон соң 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. "Барс" версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон.
Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан. Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон. Спортчунун эки уул, бир кызы бар.

27-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан