“Жогорку кызматта иштегендердин кыргыз тилин билүүсүн текшерүү керек”, - деп бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында эркин депутат Жанар Акаев билдирди.
Ал мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевден кыргыз тилин билбеген жетекчилер кимдер экенин сурады.
Ишекеев: “2018-жылдан баштап жетекчилердин мамлекеттик тилди билүүсү милдеттендирилет”, - деди.
Жанар Акаев президент, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү кыргыз тилин билүүсү керектигин белгилеп: “Тил комиссиясынын жетекчилерин текшерип, мамлекеттик тилди билбегендердин бетин кызартып коюу зарыл. Анткени жогорку кызматка келем дегендер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Текшерүүдө комиссия сылык мамиле кылбай, катуу текшерүүгө алуу керек”, - дейт Жанар Акаев.
Учурда аталган комитетте “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу каралып жатат.