ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Белгилүү орусиялык ырчы Полина Гагарина 30 жашка толду

Орусиялык ырчы, актриса, ырлардын автору Полина Гагарина 30 жашка толду. Ал өздүк майрамынын урматына социалдык тармактагы баракчасына кичинекей кезиндеги сүрөтүн жарыялап, апасын - мурдагы балет бийчиси Екатерина Мучкаеваны куттуктаган.

"Туулган күндү биринчи кезекте апалардын майрамы деп эсептейм. Себеби алар бизди 9 ай жүрөгүнүн алдында көтөрүп жүрүп, тарбиялап өстүрөт. Менин азыркы деңгээлге жетишиме апамдын салымы чоң. Апам - менин күч-кубатым", - деген ал.

Бир нече ай мурун П.Гагарина апасына "Идеалдуу оңдоп-түзөө" телеберүүсүнүн жардамы менен өзгөчө белек тартуулаган. Башкача айтканда, ата-энесинин үйүнүн бир бөлмөсүн жаңыртып жасап берген.

Белгилей кетсек, ырчы 1987-жылы 27-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ырчынын бала чагы Грецияда өткөн. Себеби апасы Грециянын опера жана балет театрында бийчи болуп иштеген. Кийин чоң энесинин колуна, Саратовго келип, ошол жакта жашап, окуп калган. Чоң энеси алгач Полинаны музыкалык мектепке киргизген. Апасынын Грециядагы театр менен болгон келишими аяктаган соң, Москвага көчүп келип кызын өз колуна алган. Москвадан Полина 14 жашында музыкалык мектепти аяктап, музыкалык окуу жайга тапшырган. 2003-жылы 2-курста окуп жүргөн кезинде "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбооруна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тартып Полина Гагарина чоң сахнага кадам таштап, атактуулугу арта баштаган.

Полина Гагаринанын хитке айланган ырлары: "Бешик ыры" ("Колыбельная"), "Мен сендикмин" ("Я твоя"), "Спектакль бүттү" ("Спектакль окончен") жана башкалар.
2015-жылы Полина Гагарина "Евровидение" эл аралык сынагына Орусиянын атынан катышкан. Анда "A Million Voices" ("Миллион добуштар") аттуу чыгармасын аткарып, 2-орунду багындырган.
Жеке жашоосу
Ырчынын биринчи жолдошу актёр Пётр Кислов болгон. Экөө 2007-жылы баш кошуп, 3 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Бул никесинен ырчы Андрей аттуу уулдуу болгон. 2014-жылы фотограф Дмитрий Исхаковго турмушка чыккан. 2016-жылдын ноябрь айында маалымат каражаттары П.Гагаринанын кош бойлуу экендигин жазып чыгышкан.
27-мартка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ronaldo.99
2017-03-27 17:53:38
Суйомго
0
Higuain9009
2017-03-27 18:51:41
Ronaldo.99,мен дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан