ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Тамашоучу, актёр Жаныш Майрамбек уулу 27 жашын кесиптештери менен белгилейт

"Ак кеме" командасынын капитаны, актёр Жаныш Майрамбек уулу бүгүн, 27-мартта 27 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын айтып, учурда жеке жумуштары менен алектенип жатканын билдирди.

"Туулган күнүмө карата куттуктоолор саат 00:00дө эле башталган. Биринчи болуп досторум куттукташты. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде кесиптештерим менен бирге белгилейин деп жатам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Ж.Майрамбек уулу 1990-жылы 27-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Шаар айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырган. Жаныш Майрамбек уулу "Тамашоу" долбоорундагы "Ак кеме" командасынын капитаны болгон. Аталган команда менен 2008-жылдын 1-ноябрында биринчи жолу эл алдына чыккан. Ж.Майрамбек уулу "Гонщик таксист", "Кекеч", "Мегатой" жана башка тасмаларда роль жараткан. Учурда "Эл эмне дейт?" юмористтик теледолбоорунун актёру.

27-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alibay
2017-03-28 09:25:03
Тамашоудан чыккан балдардын арасынан эн таланттуусу сенсин!Аткарган ролдоруну ийинине жеткиресин!Кыз ,келин бул жакта калсын,чал-кемпирди аткарганында бали дебеске арга жок.Кекеч деген тасмада ролду ушунчалык жакшы бергенсин!Эл эмне дейтти айтбай эле коеюн!Сендей актер бар экенине суйуном!Эч качан таштаба .Сендей актер керек кыргыз киносуна!Жасалмалуулук жок.Табигый баары!Ошко келгенинерде концертте бир суротко тушуп койбогон экенгмин.
Туулган кунун менен куттуктайм.Жакшылыктар болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан