Америкалык ырчы, актриса Мэрайя Кэри 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 27-мартта АКШнын Лонг-Айленд шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчынын ата-энеси музыкага жакын адамдар болгондуктан кызынын атын дагы ошол кездеги популярдуу "Мэрайянын шамалы жана чакырыгы" аттуу ырдан улам коюшкан. Мэрайя 4 жашында ырдай баштаган, ал эми 10 жашында ыр жазууга өткөн. 17 жашка толгон соң ырчылык карьераны көздөп Нью-Йорк шаарына келет. Ал жерден Бен Маргулис деген музыкант менен таанышат. Бен анын чыгармачылыгына чоң түрткү берет. Ырчынын алгачкы ырларынын автору дагы Бен болгон.
Бен менен иштешип жүрүп Мэрайя Бренд Стар деген ырчы менен таанышат. Бренд Мерайяга өзүнүн тобуна бэк-вокалист болуп кирүүнү сунуштап, кийин Мэрайя топко солист болуп кирет. Чогуу иштешип жүргөндө Бренд белгилүү жылдыздар катышкан кечеге чакыруу алып, ал кечеге Мэрайяны да ээрчитип барат. Дал ошол кечеде Мэрайя үчүн чыгармачылыктын эшиги ачылат. Ал жерден "Колумбия" аттуу үн жаздыруучу компаниянын президенти Томми Моттолага Бренд Мэрайянын ырлары жазылган кассетасын берип, угуп көрүүсүн суранат. Томми кассетаны алып унчукпастан "лимузинине" түшүп кетет. Унаада Мэрайянын ырларын угуп бараткан Томми бир кезде айдоочусуна артка кайрылуусун суранат. Томми бейтааныш мукам үндүү ырчынын жүзүн көрүп, таанышкысы келет. Бирок, тилекке каршы, Томми кайтып келгенче Мэрайя менен Бренд ал жерден кетип калышкан болот. Үч күндөн кийин издеп таап, аны өзүнүн компаниясына чакырат. Мэрайянын үнүн уккан көптөгөн продюсерлер анын талантына баа беришет. Ошентип Мэрайя Томми Мотолланын эски таанышы Рэнди Хоффман менен иштешүүгө келишим түзөт. Анын биринчи "Мэрайя Кэри" аттуу альбому чоң ийгиликтерге жетип, ырчыга популярдуулук алып келет. Ырлары радиолордон тынбай кетип, хит-параддардан алдынкы орундарга жетишет. Ушул эле жылы ырчы "мыкты артист", "мыкты поп-вокалист" наамдарынын ээси болот. Ошондон тартып Мерайя Кэринин ырлары дүйнөгө тарап, ырчы атактуулукка жеткен.
Жеке жашоосу
Ырчы 1993-жылы өзүнүн музыкалык продюсери Томми Моттолага турмушка чыккан. Бирок 1997-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Маалымат каражаттары ырчы менен Кристиан Монсон, Луис Мигель, Маркус Шенкенберг, Эминем, Дерек Жетер сыяктуу белгилүүлөрдүн ортосунда кыска сүйүү романдары болгон деп жазышкан. Ырчынын экинчи жолдошу өзүнөн 10 жаш кичүү ырчы Ник Кэннон болгон. Экөө 2008-жылы баш кошуп, эгиз кыз-уулдуу болушкан. Бул никеси дагы көпкө узабай, 2014-жылы ажырашкан. 2016-жылдын башында М.Кэри миллиардер Жеймс Пакер менен баш кошот деген маалыматтар тараган. Экөө 2015-жылдын ортосунан баштап сүйлөшө башташкан. Бирок үлпөт тойго болгон кызуу даярдыктарга карабай, сүйүшкөндөрдүн ортосундагы мамиле токтогон. Анын себеби М.Кэринин сүйүүгө туруктуу эместиги деп айтылган. 2016-жылдын аягында ырчы өзүнүн командасындагы бийчи Брайан Танака менен сүйүү мамилесинде экендигин билдирген.
2017-жылга карата Жаңы жыл майрамына байланыштуу концертке М.Кэри даярдыксыз келип, күйөрмандарына уят болгон. Себеби ал сахнада ырдап жатканда ырынын нотасына түшө албай, фонограмма менен ырдап жатканы билинип калган.