Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалыматка ылайык, бүгүн, 27-мартта саат 15:16 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жол тосулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
"Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 6720 метр куб. Жабыркагандар жок. 247-чакырымында иштеп жаткан техникалар жолду тазалап бүтүп, 255-чакырымдагы кар көчкүнү тазалоого тартылат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун 248, 252, 255-чакырымдарында кар көчкүлөр түшүп жол каттамы жабылган.