Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылган аскер кызматкерлеринин бешөөнүн абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай райондук ооруканасынын башчысы Эркин Аппазов билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 29 адам ооруканага жаткырылган.
"Азыркы тапта бешөөнүн абалы оор. Бирөөсүнө операция жасалды. Жабыркагандардын көбү башынан, колунан жаракат алышкан", - деди Аппазов.
Айта кетсек, кечээ, 27-март күнү Кадамжай районунда аскер кызматкерлери бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Анда унаанын тормозу кармабай жол четиндеги жаңы курулуп жаткан турак үйдү сүзүп алган. Анын кесепетинен 29 адам жабыркаган. Аскер кызматкерлери Оштон Баткен облусуна машыгуу үчүн баратышкан.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ушул эле жерде жол кырсыгы катталып, күйүүчү май ташыган унаа турак үйдү сүзүп, оодарылып калган. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Оштон келе жатканда Кадамжайга бурулган жер аябай кооптуу.