Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын пленардык жыйыны өттү

27-мартта Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын пленардык жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында "Өз алдынчалуу мекеме", "Мамлекеттик менчик", "Мамлекеттик мүлктүү каттоо", "Жеке мүлккө мамлекеттик каттоо укугу", "Күбөлөндүрүү", "Мамлекеттик өндүрүш саясаты" жана "Нарк аныктоону мамлекеттик жөнгө салуу" тууралуу моделдик мыйзамдардын долбоорлору талкууланып, КМШга мүчө-мамлекеттердеги иш үстүндө жабыр тарткан жумушчулардын абалын иликтөө жана эмгек шартын коргоо жаатындагы бирдиктүү эрежени кабыл алуу сунуштары каралды.

Андан тышкары КМШнын алкагындагы жаш окумуштуулардын кызматташтыгы, жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, айыл чарбасына бирдиктүү спутниктик мониторинг жасоо системасын уюштуруу сунуштары көтөрүлүп, жыйын катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин Токой кодексинин жаӊы моделдик редакциясы, "Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу", "Коомдук көзөмөлдүн негизи", "Унаа транспортту", "Мамлекеттик эмес кароол ишмердүүлүгү" жана "Чек арадагы мекемелер" жөнүндөгү моделдик мыйзамдар тууралуу пикир алмашты.

Айта кетсек, жыйынга ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков, депутаттар Алмаз Баатырбеков, Асел Кодуранова, Аскарбек Шадиев, Искендер Матраимов, Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров, Алмазбек Токторов, Исланбек Сарсейитов, Нурбек Алимбеков, Евгения Строкова, Абдывахап Нурбаев, Акылбек Жамангулов, Бахадыр Сулейманов, Динара Исаева, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков жана Карамат Орозова катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан