"Тааныш айымды зордуктаган деп шектелип 1 адам кармалды". Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя тууралуу жабырлануучу, 45 жаштагы Гүлкайыр Ж. аттуу аял 5-майда милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, анда “Фучик көчөсүндөгү темир жолдун жанынан Алтынбек аттуу адам эки шериги менен күч колдонуп зордукташты” деп билдирген. Окуядан кийин жүргүзүлгөн “Ууру” аттуу рейд учурунда Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун тургуну, 39 жаштагы Кубанбек И. "кылмышка катыштыгы бар" деп шектелип колго түштү. Окуя боюнча тергөө амалдары башталды.