Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-1999-жылдары "Элес" тобунун солисти болгон белгилүү ырчы Актан Исабаев бүгүн, 28-мартта 45 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап чалсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, ачык асмандуу аба ырайына байланыштуу туулган күндү мыкты маанайда тосуп алганын билдирди.
"Өздүк майрамымды эң биринчи болуп апам куттуктады. Эртең менен ойгонсом, асман ачык, күн жылуу экен. Бул көрүнүш мага кубаныч тартуулады, жакшы белек болду. Туулган күнүмдү туугандарым менен белгилөөнү пландап жатам. Элибизде аманчылык, тынчтык болушун каалайм", - деди ал.
Белгилей кетсек, Актан Исабаев 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Айтылуу "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык оркестрдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен белгилүү комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.