Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы “жолугушууга алдап чакырып 22 жаштагы кызды зордуктап салган деп шектелген адам кармалды” деп кабарлады. Айта кетсек, 22 жаштагы К.А. аттуу жабырлануучу айым милицияга кайрылып, 3-май күнү Бишкек шаарындагы Жеңиш сейил багынан Улук аттуу бала күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул иш боюнча укук коргоо кызматкерлери тарабынан Дордой жаңы конушунун 21 жаштагы Улукбек Ж. аттуу тургуну кармалды. Тергөө амалдары башталганын билдирет Бишкек шаардык ИИББи.