Бүгүн, 28-мартта КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев вице-премьер-министр Олег Панкратовдун Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынына келбегенин сынга алды.
Өкмөттүн өкүлү вице-премьер-министрдин маанилүү жыйналышы бар экенин айтты.
Буга Кожобек Рыспаев: "Эмне биздин комитеттин жыйыны маанилүү эмеспи? Эмнеге келген жок? Дагы ушундай көрүнүш кайталана турган болсо мыйзам чегинде чара көрүү керек. Бүгүн аларга тиешелүү маселелер каралмак. Эгер биз чечим алып койсок, депутаттар билбей чечим кабыл алды деп күнөөлөйт", - деди ал.
Депутат суроо-жооп менен маалымат угууну сунуштады. "Жыйынга келишпесе өздөрүнөн көрсүн. Алардын ордуна келген өкүлдөрдүн маалыматын угуп көрөлү", - дейт эл өкүлү.
Эске салсак, комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоору, "220 кВ Тамга-Каракол жогорку чыңалуудагы линиясын куруу” долбоору, энергетика жана электро-техника өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборун “Мүлк” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү маселеси боюнча кайрылуусу каралмак.