Бүгүн, 28-мартта парламентте Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттар "Тамга - Каракол" жогорку чыңалуудагы 220 кВт электр линиясын куруу долбоорун колдошту.
Анда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов линияны курууга Араб экономикалык өнүгүү боюнча Кувейт фонду 1 миллион доллар каражат бөлө турганын билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков бул линия курулуп жатканда кайсы жактын адистери иштей турганына кызыкты.
Азамат Оморовдун айтымында, Кыргыз жарандары жана чет өлкөлүк адистер иштей турганын айтты.
Музаффар Исаков: “Бул долбоорго калоо-тилек айтып, ошону менен катар эле сунуш айтат элем. Өзүбүздүн мамлекетке эмгеги сиңген адистерибиз бар. Ишке ошолорду дагы кошсоңор”, - деди.
Оморов бул сунушту эске ала турганын айтты.