Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Бакен Кыдыкеева, Анвар Куттубаева, Сүймөнкул Чокморов атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты, театр жана кино артисти Гүлмира Ташматова 53 жашка толду. Ал 1964-жылы 28-мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Тайгараев айылында туулган. 1981-жылы айылындагы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияга өткөн. 1983-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Ысык-Көл облустук драма театрына ишке кирген.
Театрда эки жылдай эмгектенген соң 1985-жылы Москва шаарындагы Малый театрынын Михаил Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайындагы Театр жана киноактёру бөлүмүнө өткөн. 1989-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап келип, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театрына кабыл алынган.
Ал комедиядан тартып бийик драмага чейинки түрдүү диапазондогу образдарды жеткиликтүү аткарган көп кырдуу таланттардын катарынан орун алган. Гүлмира Ташматованын театрдагы ролдорунун ичинен эң көрүнүктүү чыгармачылык ийгилиги катары Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана тагдыр" драмасындагы кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын ролун көрсөтүүгө болот.
Ал эми кинодогу эң ийгиликтүү ролдорунун катарына "Чыңгыз менен Бүбүсарадагы" Алмакан, "Жараланган турналардагы" Зууракан, "Токолдор тополоңундагы" Бурулай, "Кыз жигиттеги" Нуркамалдарды кошууга болот.