Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, Бишкек шаарында 3 жана Талас облусунда 1 тилсиз жоо орун алган. Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу токой чарбанын 0,4 гектар жерди ээлеген кургак чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.