Парламентте "Жылуу булак" ден соолукту чыңдоо борборун мамлекеттик ишканага өткөрүү маселеси талкууланды

Энергетика жана электро-техника өнөр жай кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин “Жылуу булак” ден соолукту чыңдоо борборун “Мүлк” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүү маселеси боюнча талкууланды. Бул боюнча бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында каралды.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Таалайбек Толубаев борборду камсыз кылууга акча жок экенин айтып, бирок жумушчуларга санаторий керек экенин билдирди. Ошол учурда "Республика -Ата Журт" фракциясынын депутаты Умбеталы Кыдыралиев борборду жандандыруу үчүн “Электр станциялары” ишканасы иш алып баруусу боюнча сунушун айтты.

Ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов мамлекет борборду иштете албагандан кийин сатышы керектигин айтты.

“Мүлк” мамлекеттик ишканасы атайын кыйраган объекттерди калыптандыруу үчүн түзүлгөн. Бирок мен “Жылуу булакты” калыптандырат деп ишенбейм. Сатып же болбосо узак мөөнөткө ижарага берүү керек”, - деди Жыргалбек Турускулов.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү "Жылуу булакты" “Электр станциялары” ишканасына калтырып, оңдоп-түзөө иштерин көзөмөлгө алуу тапшырмасын беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан