Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 28-мартта мектеп окуучулары арасында өткөн республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Иш-чара Улуттук Филармонияда өттү.
Республикалык олимпиаданын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн Сапар Исаков жакынкы арада Кыргыз мамлекети чөлкөмдөгү өнүккөн өлкө болорун айтты.
"Фейсбуктун негиздөөчүсүнүн ийгилигин кайталай турган, мындан сырткары көптөгөн ачылыштарды жасай алчу келечектеги ойлоп табуучулар ушул залда дагы бар экенине ишенем. Илимди өнүктүрүүчү генетикалык код кыргыз элинде бар. Эрдик жасоодон коркпогула, максаттарыңарды ишке ашырууга аракет кылгыла", - деди Исаков.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда катышуучуларга дипломдор, китеп алуу үчүн сертификаттар тапшырылды. Биринчи орунду алгандар өлкө аймагындагы жогорку окуу жайларына сынаксыз тапшыра алышат.
Олимпиадага өлкөнүн бардык аймактарынан 316 окуучу катышкан. Алар информатика, физика, химия, география, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили жана тарых сабактары боюнча билимин сынашкан.