Депутат Алтынай Өмүрбекова жатак-абактарды жоюп салууну сунуштады

Бүгүн, 29-мартта парламентте "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова жатак-абактарды жоюп салууну сунуштады.

"Жатак-абактардын бүгүнкү күндө кереги барбы? Жоюп салбайсыңарбы?" - деди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров жатак-абактарды бүгүнкү күндө жоюп салуу эрте экенин айтты.

"Жатак-абактардан пайда көрүп жатабыз. Кээ биринде өндүрүштөр, уй фермалары бар. Эмеректерди чыгарып жатышат. Ал жерде жаткандар жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөлөрүн, өздөрүн багып жатат. Мына былтыр Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №44-жатак-абагында 37 гектар жерге картошка тигип муктаждыгыбызды жаптык", - деди Таалайбек Жапаров.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан №1-тергөө камак жайын башка жакка которуу маселесин көтөрдү.

Таалайбек Жапаров азыркы учурда бул иш боюнча жумушчу топ түзүлүп, каралып жатканын билдирди. "Көчүргөнгө канча каражат кете турганын эсептеп мэрияга берип жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан