Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-мартта ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчыга укук коргоо системиндеги реформанын алкагында ички иштер органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш аракеттер жөнүндө маалымат берилди. Улан Исраилов өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларда коопсуздукту сактоого даярдыктар тууралуу айтып берди.
Республикада, айрыкча борбор шаарда өткөрүлүп жаткан ар кандай саясий акцияларга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев милиция адамдардын өз жарандык позициясын билдирүүгө укугун сыйлоо зарылдыгын, бирок мыйзам бузулган учурларда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин так аткарышы керек экенин баса белгиледи.