Мектептерде окуу китептерин ижарага берүү кайрадан жанданат

Мектептерде окуучулар китептерди кайрадан ижарага алышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, пилоттук долбоорду ишке ашыруу аракеттери Жайыл районундагы №40-мектептен башталды. Ижарага китептер алгач башталгыч класстарга берилет. Эгер долбоор ийгиликтүү өтсө, өлкөдөгү бардык мектептерге жайылтылат.

Колдонуудан чыгып калган китептердин ордун жаңылоо максатында китептерди ижарага берип акча чогултуу системасы өлкөдө 1996-жылдан башталган. Бул система 10 жыл жүргүзүлдү. 2006-жылы мындай система токтотулуп, окуучулар китептерди акысыз пайдаланып окуп калышкан.

"Бул жылдар аралыгында ижарадан топтолгон акча менен мектептердеги окуучуларды жаңы адабияттар менен камсыздоо, китептердин түрүн жана санын көбөйтүү, окуучуларга жеткирүү көйгөйлөрү чечилчү. Азыр сунушталып жаткан система да ошол багыттарды ишке ашырууну көздөйт. Бирок бул жолу жеңилдиктер берилген окуучулардын саны көп. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ижара төлөмдөрүн төлөшпөйт. Аларга ар бир мектептин китепканаларынан китептер колдонууга акысыз берилет. Окуу китептерин ижарага берүү системасын кайрадан жандантуу үчүн эл өкүлдөрү өткөн жылдын сентябрь айында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Учурда бир окуу китебинин бир жылдык ижара акысын 20 сом кылуу сунушталууда.

"Ооба, мындан 10-15 жыл мурун ар бир окуучу жыл ичинде пайдалануучу китептерди ижарага алышчу. Көп балалуу үй-бүлөлөр аны төлөгөндөн кыйналышчу. Кийин андай система жоюлуп кетти", - деди Өзгөн районундагы Жоробек Абдурасулов атындагы орто мектептин мугалими Гүлжан Дүйшеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Riokyrgyz
2017-03-29 16:32:48
Ошондо ижарага албайм деп койсо,жылы бою окубай ото берет экен да.
Же мугалимдер кыстайт болушунча,айылдарга келген концерттердин билетин кыстап эле саткандай кылып.
+2
avtogrand
2017-03-29 16:41:29
Өзүбүздүн келечегибиз болгон балдарга мамлекет китепти ижарага берип атат. Азыр 20сом кийинки жылы 50сом.
+2
ZHYRGAl1412
2017-03-29 18:40:56
Китепке толоо озудон озу жоюлуп кеткен эмес бакиев бийликке келип акысыз кылып койгон деп жазсанар
+5
nur007mir009kg
2017-03-30 00:23:29
ZHYRGAl1412, кайдан. Антип жазышбайтда. Балаани чындыкты жазышабы.
0
Ananasky
2017-03-29 19:28:40
Кайран элим мынчалык кыйналбас элекко К. Бакиев иштеп турганда. Бул деп жутаарлар качан онолот экен.
+5
nur_zhoni
2017-03-29 20:33:08
Бакиев 2006 жылы бийлике келгенде окуучуларга китептерди бекер кылган деп жазыш керек эле
+4
vip.aidan96
2017-03-29 22:43:12
nur_zhoni,Антип жазса иштен айдалатда ким жазсада
+2
alik25
2017-03-29 22:43:22
Ошо убакта мектептерде башталгыч класстар учун ыссык тамакта берилген. Эми болсо кайра эле башталгыч класстардан баштайбыз дейт
-1
talant87
2017-03-29 23:33:02
Мен 2004-2005жылдары 11_класта окугам мектептен китеп албагам себи ремонт парда журналдарга акча сурачу тургузуп урущчу уйго жонотчу уйдо акча жок мектепке кайра барбай койот элек балдар ар бала милдетуу билим алууга билим бекер дейсинер азырда ремонт дер алат акча
+1
Kleopatra01
2017-03-29 23:41:33
Кошунанын тоогу олсо деле Бакиевди куноолой беришет го жеп-жутаарларыбыз. Жакшы иштерин болсо алып дагы кете албастан эми чекеден аларды дагы жок кылгыла
0
nur007mir009kg
2017-03-30 00:32:22
Бу Атамбаев ажообуз Бакиев элге жасаган жакшы иштерин мисалга: китепти бекер кылган, башталгыч класстарга бекер тамак уюштурган, ж. б. кооп нерселерди жасаган. Ошону ажообуз алып кетиштин оордуна кайра астаа астаа баарын жоюп, четинен сата баштады. Башталгыч класстын балдарына азыр ушул тапта ыссык тамак учун ай сайын 200сомдон беребиз. Алай районунда. Аа ремонтту айтбай эле коеюн. Эми анысы аз келгенсип китепти да сатып алат экенбизда аа. Балли Атамбаев балли сизге.
+1
aydarov...
2017-03-30 01:09:40
Баарибир Бакиев жакшы болчу.
+1
dina1983-19
2017-03-30 01:19:27
Бакиевди кайра чакыралы ондо
0
tynara81
2017-03-30 02:34:40
2006- жылы бул система эмнеге токтотулганын, ким тарабынан буйрук берилип токтотулганын да тактап жазып бергилечи, админдер, сураныч сиздерден.
-1
Bubu88
2017-03-30 06:47:04
Эмнеге ушунчалык эки жүздүүсунор айткылачы эмнеге Бакиевди качантан бери мактап калдынар баарын ичип кетти жутуп кетти 80 баланын арбагы урсун деп күндө 10 маал каргайт элеңер кокуй чондун балдары элдин акчасына окуп жүрөт элдин акчасына кийинип ичинип жүрөт атаганат кылмыш кылса да жоопко тартылбайт деп күндө он маал ыйлайт элеңер кайсы маалда ушунчалык 180 градуска озгоруп кеттинер
0
gordaya
2017-03-30 09:16:51
Bubu88, туура айтасын,
+1
gordaya
2017-03-30 09:22:19
Bubu88, тезек терген кундорун сагынышкан го
+1
Bubu88
2017-03-30 12:42:37
Бакиевдин маалында свет маал маалы мн өчүп Токтогул гесинин суусун да жөн койбой сатып жиберип свети жок чырак мн калбадынар беле ошол кудорунорду унуттунарбы Бакиев тезек тергиле деп ачык эле бетинерге айтып светти көп колдонгон үйлөрдүн зымдарын үзүп кетип көмүр кымбаттап кышта печка жага албай же ток иштете албай калтырап ушуп чыккан кунунорду унуттунарбы Атамбаев Бакиевден эмнеси жаман болуп атат алынын жетишинче иштеп жатат колунан келишинче элге кызмат кылып жатат дагы эмне керек силерге
+1
Bubu88
2017-03-30 12:52:32
Биз өзүбүз начар эл турбайбызбы кой а ото ото эки жүздүү көрө албаган ичи таар даагы отуруп алып чондорду куноолойбуз өзүбүздө экен кылгылыктын баары Атамбаев чындыкты айткан экен кыргыздын душманы кыргыз деп элдин пейилине жараша ажосу деп эң туура айткан экен өтө эки жүздүү экенбиз биз пейилди ондобосок жок болуп кетебиз бизди сырттан келип бирөө жок кылбайт өзүбүздү өзүбүз коро албай эки жуздуулонуп ичи тарланып жүрүп жок кылабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан