"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун төрагасы Жеңишбек Жумашов кармалды

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун төрагасы Жеңишбек Жумашов кечээ, 28-мартта кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Жумашов Кылмыш-жаза кодексинин 221 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 171-беренелери (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) боюнча айыпталууда.

Айта кетсек, 2014-жылдын июлунда тендердин жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” жана “Спецсервис” ишканалары 27 миллион 400 миң рублга келишим түзүшкөн. Ошону менен бирге “Спецсервис” көрсөтүлгөн келишимди камсыздандыруу катарында "Банк АКЭФ" банкы аркылуу кепилдигин берип, эгерде “Кыргызнефтегазга” атайын техникалар берилбесе, анда банк акча каражаттарын кайрып берүүсү керектиги айтылган. Бирок 2012-жылдын июнунда банк аталышын өзгөртүп, берилген банктын кепилдиги жасалма болуп чыкканы аныкталган. Ал эми “Спецсервис” көрсөтүлгөн банктын кардары эместиги тастыкталган. Натыйжада мамлекетке 7 миллион 248 миң рубль суммасында зыян келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baisogur
2017-03-29 15:33:11
Чочко болуп жегенче бир сындырым нан жеп тынч кызматын кылса болмок экен
+1
grace
2017-03-29 17:31:35
Ушинтип эле жей беришсе каякка барабыз? Кытайдагыдай өлүм жазасы киргизилбесе буга окшогон жегичтер алкымын тыйбайт окшойт.
0
aibi8984
2017-03-30 09:33:17
Ырас эле болду, элдин каргышына калдыле ОЗУ! Мулкун да конф кылыш керек, бул чети мындан коп жеген, эки жылдан бери жумушчулардын питания га деп болунгон акчасын жеп келет, карапайым эл кыйналып жатат, а бул болсо балдарын чет олкодо окутуп, ОЗУ сайрандап журот.
0
admin_portal
2017-03-30 09:51:57
Aldyiar, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан