ЖЫЛНААМА, 29-МАРТ: Футбол боюнча улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев 27 жашка чыкты

Кыргыз футболчусу, "Дордой" клубунун жана Кыргыз Республикасынын курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев бүгүн, 29-мартта 27 жашка чыкты. Ал 1990-жылы 29-мартта Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында төрөлгөн. 2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине - "Дордойго" кайткан. 2014-жылдын январь айынан тарта түркиялык "Денизлиспор" клубунда ойногон. Сезондун экинчи бөлүгүн чабуулчу Түркиянын Afjet Afyonspor командасында өткөргөн. Түркиялык клуб үчүн Мирлан Мурзаев 11 расмий оюн өткөрүп, 5 гол киргизген. 2016-жылдын январь айында ал Бахрейндеги Манама шаарынын "Аль-Ахли" клубу менен сезондун акырына чейин келишим түзгөн. Учурда ал Түркиянын "Ушакспор" командасынын футболчусу.
Мирлан Мурзаев 2007, 2008, 2009, 2012, 2014-жылдардагы Кыргыз Республикасынын чемпиону, 2008, 2012, 2014-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси. 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна ээ болгон.

29-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dastanbek444
2017-03-30 23:30:43
Толк жок
0
jonny_82
2017-03-31 07:42:22
Мыкты оюнчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан