СУПЕРСТАН: "Жанар Акаев бар үчүн КСДПны сыйлайт элем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жанар Акаев - азамат!" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жанар Акаевди мандатынан ажыратуу маселеси боюнча "Соңку кабарлардан" окуп калдым. Ушул баланы аябай сыйлайм, бетке айткан жигит, кыйын журналист. Президентикке талапкер болсо, эч ойлонбой добушумду бермекмин, КСДПнын мындай кылып жатканы өкүнүчтүү. Эгер КСДП аны мандатынан ажыратса, биринчиден менин анан элдин ишениминен чыгат".

"Жанар Акаев бар үчүн КСДПны сыйлайт элем".

"Мандатын тапшырып, эл үчүн иштеген башка партияга мүчө болуп алсын".

"КСДПны жакшы партия деп ойлочумун. 2007-жылы шайлоодо да ушул партия үчүн добушумду бергем. Кийин Жанар кошулганда менин бул партияга карата ишеничим 100 эсе көбөйгөн. Эми карасаңар, эмне деген оюнду башташты".

"Атамбаевдин кемесинен кача башташты, кеме чөгүп бараткандай, сыягы. "Балашканын" аташкасына каяша акциясы, партиянын саясий кеңешинин чогулушунда кворумдун жоктугу эмнеден кабар берип турат? Жанар жөнөкөй журналисттен чоң саясатчыга айланып, баш айланткан саясий өсүш жасоонун алдында турат. Элдин колдоосун көтөрө алар бекен, убакыт көргөзөт. Жөжөнү күздө санайбыз".

"Жанардын позициясы, менимче, аташкасына каршы акция эмес. Бул эл шайлаган, эл ишеними артылган адамдын биринчи кезекте адамдык позициясы".

"Негизи өзүнүн жарандык позициясын көргөздү. Элдин да ишеними артылган. Балашканын колунда көзүр карталар".

"Мен бул саясатчыдан Кыргыз Республикасы үчүн жакшы иштерди күтө албайм".

"Сүйлөгөн сөзүндөй иштин майын чыгара билсе колдойм. Азырынча көзгө көрүнөр иш кыла элек. Бирөөнүн каталарын чукуп чыгуу эрдик эмес. Жогорку Кеңеште жакшы сунуштарды айтып, ишке ашырса. Колундагы мандатты эл үчүн пайдалана билсе, эрдик кылган болот. Жөө жүрүшкө катышканын туура деп баалайм. Убагында өзү да журналист болгон. Журналисттерге туура эмес бут тосуулар болгонун көрүп туруп, катышпай койсо туура эмес болмок".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан