Фейсбукта 24 сааттын ичинде өзү өчүп кала турган тамашалуу сүрөттөрдү жана видеолорду жайгаштыруу функциясы пайда болду. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында жазылды.
Маалыматка караганда компания өзүнүн расмий мобилдик тиркемесине Facebook Stories деп аталган жаңы функцияны киргизген. Ал аркылуу киргизилген сүрөт же видео 24 сааттан кийин өзү өчүп калат. Сүрөт же видеону кошуу үчүн фейсбуктун мобилдик тиркемесинин башкы бетинин өйдө жагында "Сиздин окуяңыз" деген баскычын басууңуз керек. Камера ачылганда түрдүү маскаларды жана башка креативдүү эффекттердин бирин тандап, жарыя кылсаңыз болот. Муну менен бирге сиз башка досторуңуздукун дагы көрө аласыз.
Ошондой эле аталган социалдык тармак Direct сервисин дагы киргизген. Анын жардамы менен сүрөттөрүңүздү өзүңүз каалаган гана адамдарга жиберип бөлүшсөңүз болот. Жиберилген сүрөт же видеону досторуңуз көрүп, ал тууралуу талкуу бүткөн соң, контент көрүнбөй калат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында Инстаграм социалдык тармагында ушундай функция пайда болгон. 5 айдан кийин Instagram Stories`ти колдонгондордун саны 150 миллион адамга жеткен.