Бишкекте дарыканалардын бирин карактаган жаран кармалды

Бишкекте дарыканалардын бирин карактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда 10-март күнү милиция кызматкерлерине Э.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар Москва көчөсүндөгү дарыкананын фармацевтин ок атуучу курал менен коркутуп, 64 миң сом акчаны алып кетишкенин айткан. Ушундай эле окуя 26-март күнү шаардагы дарыканалардын биринде да болгон. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.Т. кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jako18
2017-03-29 16:34:35
Ааа кармалып калдыңбы байкуш.
Эми бошонуп чыгып ал аман-эсен.
Бизде аксакалдар соту иштейби? Анча мынча ошолор ортого түшүп,элдештирип ишти жаап койсо жакшы эле.
Болбосо болбогон нерсе үчүн камалып өмүр бою "зек"деген ат бетине көө болуп жабылат.
Жараткан ар бир үй-бүлөөгө бейпил жашоо берсин!!!!
+2
Arlenchik
2017-03-29 20:10:28
Бошотуп ийбей жазасын берсин, эмитен мындай кылмыштарды кылса кийин мындан да кучойт да, кылмыш кылып бошонуп кетсе болот экен деп.
+5
Barchynbek
2017-03-30 04:15:29
Отуруп чыкса кайра күчөйтда.аны тааныйсынбы. Муну тааныйсынбы деп.не кылмак эле.азыр ошондойду моода кылып алышты отуруп чыккандар.чыпалагы менен сүйлөшүп. Кыйратып койгонсуп.
-1
Kroxa
2017-03-31 14:55:28
Жапжаш алты саны аман кычыраган кучко толуп иш десе ишке аш десе ашка тойбой турган маалында уурулукка конгону таптакыр туура эмес жаш кезде жанды сабап кирпич куйсан да ак эмгек менен тапканын берекелуу болмок,,уят,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан