Сапар Исаков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 29-мартта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Владимир Некрасовду анын Кыргыз өлкөсүндөгү ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда, Президенттик аппараттын жетекчиси анын катышуусу менен эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, орусиялык кыйла инвестициялар Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына тартылганын айтты.

Мындан тышкары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи. Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан