Тропикалык "Дебби" циклону Австралияны каптады

Тропикалык "Дебби" циклону Австралиянын Квинсленд штатынын жээктерине жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматтарга караганда, "Дебби" циклону ылдамдыгы саатына 250 чакырымга жеткен катуу шамалды алып келген. Анын кесепетинен Боуэн шаарында электр жарыгы өчүп, Эрли-Бич шаарында дарактар кулап, турак үйлөрдүн чатырлары кыйраган. Жергиликтүү бийликтин айтымында, жээкте жашаган миңдеген тургундар коопсуз жайга чыгарылган.

Квинсленд штатында жалпы 100дөн ашык мектеп, бала бакчалар жабылганы кабарланууда.

Буга чейин Уитсанди аралында "Дебби" циклонунун кесепетинен 23 миңге жакын түтүн электр жарыгысыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulmira12345
2017-03-29 18:16:50
Кудай эле сактасын
+4
KYRGYZ_bolson_BRAT
2017-03-29 21:05:38
жаман болуптур
+2
Eldiarkrasavchik
2017-03-29 21:17:05
Кудайым озун сакта!
+2
AzKumFerDan
2017-03-29 22:56:43
Катту шамал чагылган,сел кудай сактасын
+2
Firdaus-Muslim
2017-03-29 23:01:15
Кудай сактасын, асмандан түшкөн жерден чыккан балээлерден.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан