Москвада "Байланышта" аттуу борбордун ачылыш аземи болуп өттү

 5-майда Москва шаарындагы “Кыргызстан” соода борборунда “Байланышта” аттуу борбордун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Асилбек Эгембердиев билдирди. Айтымында, аталган борбор оор абалга туш келген, Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын бардык жарандарына жардам көрсөтүүгө даяр. “Бизге чалуулар келип түшө баштады. Мекендештерибиз ар кандай суроолору, сунуштары менен кайрылышууда”,- деди Эгембердиев. Бул борбор кыргыздардын укуктарынын корголушу, каза болгон адамдын сөөгүн жеткирүү, жумушка мыйзам чегинде орношуу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат берет. “Байланышта” борбору менен +7 (495) 544-38-28 номуру аркылуу байланыша аласыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан