Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын январь жана октябрь айларынын арасында сарыктын жугуштуу түрү жана кургак учук менен ооругандардын саны өстү. Былтыркыга салыштырмалуу кургак учук менен ооругандардын саны 10,1%га өссө, сарыктын жугуштуу түрү менен ооругандардын саны 91%га өскөн.