Багдаддын түштүгүндөгү көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон жардыруудан 17дей адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Рейтерс басылмасы Ирактын бийлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
"Унаасында жарылуучу заты бар айдоочу көзөмөл-өткөрүү пунктуна кол салган. Жыйынтыгында 17дей адам, анын ичинде 3 полиция кызматкери каза болду", - деп жазылган маалыматта.
Маалыматка ылайык, андан сырткары 60 адам жаракат алган, алардын ичинде да полиция кызматкерлери бар. Учурда бир дагы террордук уюм бул терактка жоопкерчилик ала элек.