Франциялык фотограф жумуртка басып, жөжөлөрдү чыгаруу аракетин көрүүдө

Париждеги заманбап искусство борборунда франциялык фотограф Абрахам Пуаншеваль өзүнүн жаңы перформансын ишке ашыруу аракетин көрүүдө. Фотограф атайын жасалган айнек камерага кирип, тооктун жумурткаларын басып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Фотографтын айтымында, ал жумурткалардан жөжөлөр чыкмайын басып отурмакчы. Жумурткадан жөжөлөр 21-26 күндө чыгат. Кызыгы фотографтын "чыгармачылыгына" борбордун коноктору күбө боло алышат.

Пуаншеваль өзүнүн өзгөчө перформанстары менен белгилүү. Мисалы, ал аюунун карачкысында 2 жума жашаган, ичи оюлган ташта 7 күн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
12.12.12
2017-03-30 10:13:27
Куто туралычу. Кандай жожолор чыгар экен)
+3
nur.akturpak
2017-03-30 10:22:57
Кыларга иши жок бир отоло төө куштун жумурткасын баспаптырда
+5
NooKeN_KG
2017-03-30 10:28:53
Жөжөңү күздө санайбыз, басып жата бер.
+3
Medina87
2017-03-30 11:42:14
Супер жамааты мен Карачкы деген созду сиздерден окуйм. Карачкынын тушундурмосун жазып коюнуздарчы сураныч??
Т.б. ; Атын чыкпаса жер ортто деген макал эске тушту..
+3
Han1111
2017-03-30 12:07:28
ХХХ бул адам.
-1
admin_portal
2017-03-30 12:10:20
Han1111, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
RusMos76
2017-03-30 12:19:48
Адам баласы кылбаган ишти кылат экен да не дейсин
-2
DNurgiza
2017-03-30 13:01:21
эксперимент жүргүзүп атат да......ийгилик.
+1
Assalim
2017-03-30 13:46:31
Курк болуп калыптыр да анда жожо басып атканына караганда.Алдына бир короз кошуп алса,ар куну тукумдан тууп турат эле...
+3
Asyl10
2017-03-30 13:47:07
Бул адамдын башка кылаарга иши жок окшойт да,же бул проекттерине акча толоп береби бироо? Болбосо кантип жашайт?
0
nurkojo
2017-03-30 16:04:04
Кыпкызылго
-1
solntse95
2017-03-30 16:29:29
Ачкан ачпаганын да жазып койгула кийин.
-1
novayariga
2017-03-30 16:53:53
Аксынын Райкомол деген айылында бир кемпир жожо чыгарган деп уккам. Сынбай турган кылып илгерки жыгач кесеге салып белине туйуп алып журур чыгарган экен.
+1
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-30 21:02:46
Менин оюмча бул жиндичилик эмес..Ал эксперимент жүргүзүп жатса керек..
-1
Rasul94
2017-03-30 22:43:52
Эми ал жожолор артынан калбай эрчишет.дагы жакшы тооктукун басыптыр ордоктукун басканда сууда сузмок
-1
bolotbeck1983
2017-03-31 03:51:53
Эмне үйдөн чыкпай жумуртка басып жатасыңбы деген тамаша сөздөр чындыкка айлана баштаптыр да. Шумдугуң кургур дүнүйө десе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан