Жылдыз Мусабекова: "Биздегидей сөз эркиндиги коңшу өлкөлөрдүн эч биринин түшүнө кирбейт"

"Биздегидей сөз эркиндиги коңшу өлкөлөрдүн эч биринин түшүнө кирбейт", - деп бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова билдирди.

Эл өкүлү учурда ар бир адам өзү каалагандай сүйлөп жатканын айтты.

"Айрыкча, бир кезде журналисттерди 4-5ке бөлүп, бул журналист өлсүн, камалсын, сабалсын дегендер кыйкырып жатат. Шайлообек Дүйшеев айткандай, азыр жердин үстү жиндилерге толуп кетти. Биз ууруну, коррупционерди, мародёрду баатыр кылып жатабыз. Бул жерде жакшы сүйлөгөндөрдү бурмалап, мазактап жатабыз. Ошолордун баарынын кедергиси сөз баккан калемгерибизге тийип жатат. Сөз эркиндиги өлүп, журналисттер камалып жатканда бийликтин сөзүн сүйлөп отургандар унчукпай отурушкан", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан