АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп Ак үйдө атасынын расмий консультанты катары айлык албай иштээрин жарыялады. Буга чейин ММКларда президенттин кызына Ак үйдөн атайын бөлмө берилери, анда жашыруун маалыматтарды алуу укугу болору айтылып жаткан. Мындай аракет туура эместигин эскперттер сындап чыгышкан.
"Айрымдар менин президенттин кеӊешчиси болорумду айтып кабатырланганын уктум. Этиканын бардык талаптарын сактайм, муну менен бирге Ак үйдүн маяна берилбеген кызматкери катары иштейм. Башка мамлекеттик кызматкерлер сактаган эрежелерди сактайм", - дейт Иванка Трамп 29-мартта жасаган билдирүүсүндө.
Иванка Трамптын жолдошу Жаред Кушнер да Ак үйдүн кызматкери.
Иванка Трамп 1981-жылы 30-октябрда туулган. Учурда 35 жашта, 3 баланын энеси. Ишкер жана фотомодель катары таанымал.