"Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргобой жаманатты кылгандарга чара көрүү керек", - деп бүгүн, 30-мартта парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Депутат кыргыз эли орус тилинде эркин сүйлөй турганын белгилеп: "Ал гана эмес мамлекетибиздин башкы трибунасында, Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү орус тилинде сүйлөшөт. Биздин кесиптешибиз чет өлкөдө жүрүп, орус тили Кыргыз Республикасында басмырланып жатат деп айтты. Коңшу өлкөлөрдө башка тилде жарнак таппайсың. Кесиптешиме айткым келет, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери орус тилдүү калкты басмырлоо боюнча бир дагы соттук иш каралган эмес. Бизде, Бишкекте 100 мектеп болсо үчөөсү гана кыргыз тилинде. Кайсы тил басмырланып жатат? Кыргыз мамлекетинде туулуп, өсүп тилибизди үйрөнүүгө аракет жасабаган депутаттар калп патриот болуп, патриоттун кейпин кийип, өлкөбүздүн өзөгүн талкаламай болушту. Ошондуктан чара көрүш керек", - деди ал.