Бишкектеги №1-СИЗОнун башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда №1-СИЗОнун башчысынын орун басары Э.Ш. 29-март күнү пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын №1-СИЗОго азык-түлүк жеткирүү боюнча тендерди артка жылдыруу үчүн 87 миң сом талап кылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.