Бүгүн, 30-мартта КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда айткан сөздөрүнө укуктук баа берүү үчүн УКМКга кайрыла турганын билдирди.
"Жыйында Кыргыз мамлекетинин алыскы аймактарында орус тили боюнча мугалимдер жетишсиз болуп жатканын чындык дегем, эч кимди шылдыңдап, басынткан эмесмин. Менин сөзүмдүн бурмаланганы бул атайын уюштурулган акция. Бул өкүнүчтүү. Менин сөзүмдө динге ишенгендерди басынтуу болгон эмес. Кимдир бирөөлөр менин сөзүмдү бурмалап, саясий упай топтоп жатат", - деди ал.
Буга чейин жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Бахадыр Сулейманов жана Тазабек Икрамов анын сүйлөгөнүн сынга алган.
Эске алсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Ирина Карамушкинанын сүйлөгөн сөзү боюнча моралдык баа берүүсүн сунуштаган.