Данияр Мукашев Женевадагы ишинен сырткары Кыргыз мамлекетинин Италиядагы элчиси болуп дайындалды

Данияр Мукашев Женевадагы ишинен сырткары Кыргыз мамлекетинин Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 30-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Д.Мукашев 1974-жылы 31-декабрда туулган. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан