Депутат Бакирдин Субанбеков өнүктүрүү боюнча тандалган чакан шаарлардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө зарылдыгын айтты

Бүгүн, 30-марттагы парламент жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Өкмөттүн программасынын алкагында өнүктүрүү боюнча тандалган чакан шаарлардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө тууралуу айтты.

Эл өкүлү программанын ишке ашуусун көзөмөлдөп, жыйынтыктарын айта алчу жооптуу кызматкерди дайындоону сунуштады.

"Өкмөттүн шаарларды өнүктүрүү боюнча программасын иштеп чыгышы абдан маанилүү деп ойлойм. Себеби республикабыздын чакан шаарларындагы өндүрүштү жандантсак жаңы жумуш орундары пайда болуп, жумушсуздук азаят эле. Жергиликтүү бюджетке каражат түшмөк. Өкмөт тарабынан региондорду өнүктүрүү программасы иштелип, пилот катары 20 чакан шаар тандалыптыр. Анын ичинде Кара-Балта шаары бар. Кара-Балта шаарында 50 миңден ашуун жашоочу бар, бирок жумуш менен 7 жарым миң адам камсыз болгон. Бүгүнкү күндө бир топ завод фабрикалар иштебей калды. Акыркы иштеп жаткан тоо-кен комбинаты чийки заттын жоктугунан токтоп калган. Пилот катары тандалган шаарлардын мүмкүнчүлүктөрү терең изилденип көзөмөлгө алынса. Ушул программанын негизинде жоопкерчиликтүү адам дайындалып, мөөнөт белгиленсе", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан