ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: "Карнавал түнү" тасмасында башкы ролду жаратып, "Беш мүнөт" ырын аткарган Людмила Гурченко 6 жыл мурун каза болгон

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 30-мартта театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти Людмила Гурченко жүрөк оорусунан улам 76 жашында каза тапкан.

Ал 1935-жылы 12-ноябрда Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси күндүз мектептердеги ар кандай салтанаттарды, кечкисин ишканалардагы кечелерди уюштуруп иштешчү. Гурченко 1944-жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырат. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Бүткүл орусиялык кинематография институтуна тапшырган.

1956-жылы Эльдар Рязановдун "Карнавал түнү" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Анда актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Музыкалык мектептен билим алгандыктан ырды жогорку деңгээлде ырдаган. Кино чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
"Карнавал түнү" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" фильмине тартылган. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар жаай баштаган. Комедиялардан тышкары телевизиондук бенефисттерге жана атайын музыкалык программаларга дайыма катышып турган. Анын эң жакшы аткарган ролдору деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" жана башка тасмалардагы образдары эсептелинет.
Жеке жашоосу
Актриса 6 ирет турмушка чыккан. Алардын 5өө расмий болсо, бирөө менен жарандык никеде жашаган. Биринчи жолдошу кинорежиссёр Василий Ордынский, экинчиси сценарист, тарыхчы Борис Андроникашвили, үчүнчүсү актёр Александр Фадеев, төртүнчүсү белгилүү ырчы Иосиф Кобзон болгон. Бешинчи жолдошу, музыкант Константин Купервейс менен Л.Гурченко жарандык никеде жашаган. Экинчи жолдошунан Мария аттуу кыздуу болгон.

30-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан