"Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыров бүгүн, 30-мартта 55 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыктык.
"Туулган күндөгү маанайым жакшы. Эң биринчи болуп досторум куттукташты. Өздүк майрамымды кечинде алар менен белгилейм. 55 жаш эки окшош сандан турат эмеспи, буга байланыштуу досторум мага сюрприз жасайбыз деп жатышат", - деди С.Асанкадыров.
Ырчы 1962-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында туулган. Айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүргөн соӊ Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан ары окуусун Бишкектеги искусство институтунан уланткан. Эмгек жолун Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Ал жактан "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топту жетектеген. Көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жараткандыктан, бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартып, 1994-жылы алты баладан турган "Айкөл" тобун түзгөн. Президенттин, "Райондун ардактуу атуулу" жана дагы башка көптөгөн грамоталар менен сыйланган.
30-мартка карата жылнаама.