Жогорку Кеӊештин 30-марттагы жыйынында адаттан тыш көрүнүш катталды. Микрофонго сөз сүйлөөгө чыккан "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов өзүн "Ак жол" фракциясынын өкүлү катары тааныштырды. Жыйында ипотекалык турак жай жаатындагы мыйзам долбоору каралып жаткан.
Интернетке бул окуянын видеосу тарады.
Эскерте кетсек, Улугбек Ормонов убагында Бакиевдин "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеӊеште депутат болгон. 2007-2010-жылдары парламентте "Ак жол" фракциясынын лидери болчу.