2012-жылы Кыргызстанда 449 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталган. 2011-жылга караганда өзгөчө кырдаалдардын саны 2 эсеге өскөн. 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылгандай, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 47 адам каза болгон. Былтыр республика боюнча 13 жер титирөө, 98 кар көчкү, 10 жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, 18 бороон, катуу шамал, 34 катуу өрт, 17 жер көчкү, 8 тоңуп калуудан жолдун жабылышы, 217 сел каптоо, ташкындар, 4 таштын түшүүсү, 21 инфекциялардын жана мителердин жугушу, 1 мөндүр, 1 мекеменин кыйрашы, 5 чагылган, 1 газ менен уулануу, 1 шахтанын кыйрашы катталган. Аталган кырдаалдардан мамлекетке 924,921 миллион сом материалдык зыян келтирилген.