Дүйнөдө сатылып жаткан ар бир бешинчи смартфон жасалма. Мындай маалыматты Дүйнөлүк экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму билдирген. Ошондой эле маалыматта ар бир төртүнчү видео оюндары үчүн консолдор (башкаруу пульту) да жасалма деп белгиленет.
Маалыматка ылайык, жасалма өндүрүлгөн техникалардын арасында электр кубатын берүүчү, эс тутум картасы, адаптерлер, ноутбуктар, планшеттер, башкаруу пульттары жана башкалар көп кездешет. Ал эми мындай техниканын негизги булагы болуп Кытай эсептелет.
Серепчилердин маалыматына караганда жасалма техниканын жасалышынан улам эң көп АКШдагы компаниялар зыян тартып, финансылык жактан жоготууларга учурайт. Жасалма техника товарларынын чыгарылышы компаниялардын репутациясына жана түшкөн кирешесине терс таасирин тийгизет. Жасалма товарлар адамдардын жеке маалыматынын коопсуздугуна гана коркунуч туудурбастан, колдонуучулардын ден соолугуна да зыян.
Ошондой эле 2013-жылда жүргүзүлгөн изилдөөдө дүйнөлүк сооданын 6,5 пайызын жасалма техникалар түзөрү көрсөтүлгөн.