МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бололу бирге" чыгармасынын бүйүр кызыткан талкууга түшкөнү кубандырат" дейт ырчы Самара Каримова

Белгилүү ырчылар Самара Каримова менен Нурлан Насип кандай чыгарма жаратпасын, күйөрмандары тарабынан жылуу кабыл алынат. Ал эми экөөнүн жакында эле элге тартуулаган "Бололу бирге" ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап жана көптөгөн түрдүү сын-пикирлер айтылган. Ырчы Самара Каримова бул ирет аталган чыгармага тартылган клип, ага карата айтылган сөздөр тууралуу буларды баяндады:

"Бул чыгарманын жолу ачык, жеӊил болду деп айтсам болот. Нурлан Насип дуэт жаздырууну сунуштады. Жолдошум да угуп көрүп жактырып, уруксат берди. Ошентип ыр жазылган соӊ клип тарта баштадык. Бир күндө тартылып бүттү. Күн ачык тийип турганы менен, аябай суук болуп, үшүп калганбыз. Күлүп ырдап, эс алуу учурунда жылынып жаттык. Мен үй-бүлөлүү, Нурландын да сүйүктүүсү болгондуктан клипте болгону эки жаштын бири-бирине болгон жылуу мамилесин, мээримин чагылдырууга аракет кылдык. Ыр романтикалуу, бирок клипте өтө романтикалуу кадрлар жок", - дейт ырчы күлүп.

Ал эми чыгарманы плагиат деп талкуулап жаткандар жөнүндө мындай оюн билдирди.

"Чыгарманын бүйүр кызыткан талкууга түшкөнү кубандырат. Демек, мээнетиӊ текке кеткен жок. Ар бир чыгармага, образга чоӊ эмгек, түйшүк, акча каражаты сарпталат. Мээнетиӊ кээде акталат, кээде акталбай калат. Бул чыгарма учурда бардык теле, радиоберүүлөрдөн кетип, угармандар жылуу кабыл алышты. Жакшы пикирлерин айтып жатышат. Андыктан жакшы да, жаман да пикир айткандарга ыраазычылык билдирем".

Самара Каримова менен Нурлан Насиптин "Бололу бирге" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
LEGENDA.
2017-03-30 18:55:05
Мурдун балта кеспейт го.)
Казактардан мурун ырдашса бир жөн эле...)
+2
make2
2017-03-30 19:36:30
Өздөрү ыр чыгара албаса уурдайтта анан, оңой оокат.
+6
Bubu88
2017-03-30 19:49:32
Силер минтип талкууга алган сайын бирөөлөрдүн мурду асманды карап атса керек өзү айткандай кубанып
0
Zanzibara
2017-03-30 20:37:44
Уурулук кылганына уялбай кайра мардая мактанат го, а кокууууй бетимин беш териси болду го
+3
bond02
2017-03-30 20:38:48
Кайдагы эмгек кайдагы мээнет, уурдаган эмгекке кирбейт, шоу бизнеске да наам киргизиш керек окшойт Вор в шоу бизнесе деп.
+3
shirinai
2017-03-30 21:02:19
Ийгилик Самара. Анжелика менен Самара жаны тынбаган кыздар. Мээнеткечтигинер жагат да.
-4
kasiko
2017-03-30 21:09:45
Чыгарма негизинен жакшы жазылган, ошон учун башка тилдерге которулуп атат да, эмне эле плагиат дейсинер? Эн сонун ырдашыптыр, жакшыны жакшы эле деп айтыш керек, жеке мага жакты, угуп эс алдым, маанайым которулду.а
-4
Gulkin
2017-03-30 21:11:34
уну кантет жазалмалабайле ырдабайбы. ар ким оз оюн жазат да. жакпаса жакпайт жакса жакты деп жакпайт деп койсоле ичи таар коралбастар деп эле киришет. мага например самаранын уну жаккан жок клиптин идеясы жаккан жок. аииий шикарный клип деп жибергидей деле клип эмескен. обычный простой клип баягыле
+3
AZAMIDIN
2017-03-30 22:12:33
озубуздун колубуздан келбегенден кийин, жок дегенде колдоп коюшубуз керек деп ойлойм. Чыныгы патриот оз элинин продукциясын колдош керек. Ырга, клипке соз жок, аткаруучулар да, клипмейкер да казактардан,озбектерден калыштырбай сонун тарткан.
-1
MinuTolik
2017-03-30 22:15:16
Озу боло албайт болгонду коро албайтдан болбой ичинерди кенираак эле кылгылачы. Жакшына эле болуп туратго. Бир эле булар эмесго которуп ырдаган
-3
vip.aidan96
2017-03-30 22:36:17
Аны уурдабай эле сатып алышат да
+2
Tariel_tt
2017-03-31 01:06:03
Бир жарым жаштагы баламдын суйуктуу ыры. Башка болмодон угуп калса да дароо барын таштап томпондоп жонойт.
-1
Alibay
2017-03-31 12:04:56
Сени эрлуу аял дейт.ашыкча эле назданып ,суйуун козундон чачырап калыптыр.Уят эмеспи.Нурланды суйгондон соосунбу!Балдарын кийин корсо уят го.Анан дагы унун кыншылап чыгып калыптыр.Асан ага кантип уруксат берди экен."Жолдошун туруп ,Нурландын кызы туруп ушунчалык болупсун,жок болгондо кантмек экенсин".А[moderated]легенин менен оюн талаада окшойт деп ойлоп калдым....
+1
Alibay
2017-03-31 12:07:45
Ролума берилип аткардым актриса болгонумдун жыйынтыгы дешин да мумкун...
0
Alibay
2017-03-31 12:08:34
Нурландын кызы жок болгондо дагы да башкача аткармак ,окшойт элен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан