Канат Исаев: “Рейдерлик ишти саясатка айландырып жатышат”

“Рейдерлик ишти саясатка айландырып жатышат”, - деп бүгүн, 30-мартта парламентте "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев Максим Бакиевдин мүлкүн иликтөөчү комиссиянын алдын ала маалыматын берип жатып айтты.

Анын айтымында, Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин камактан чыгып, сатылып кетишине Тайырбек Сарпашевдин күнөөсү жок экен деп жазып жатышат.

“Сарпашев маалымат жыйында кээ бир саясатчылар президенттик шайлоого байланыштуу саясатташтырып жатканын айтып жатат”, - деди ал.

Канат Исаев билдиргендей, "Глобал эдвертайзинг" ишканасы тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына маалымат сурап кат менен кайрылышкан.

"Тилекке каршы, аталган кызматтын жетекчисинин милдетин аткаруучу Күмүшбек Шамканов "биз жердин ээсине, алардын ишеним каттарынын негизинде, салык кызматына, укук коргоо органдарына кылмыш иши козголсо бере алабыз деп жооп бериптир. Демек, депутаттарга бере албайт экен. Мыйзам боюнча, биз бардык материалдар менен таанышууга укугубуз бар. Сырдуу материалдар менен дагы таанышууга укугубуз бар", - деди ал.

Күмүшбек Шамканов: "Бүгүнкү маселе боюнча кеч айтылып калды. Кайсы катка жоопко кол коюп койгонумду жалпы бөлүмдөн ушул маалыматты так ала келет элем. Юристтер дайындайт, туура эмес жооп берип койсом кечирим сурайм. Мен мыйзамды сыйлайм комиссиянын ишине тоскоолдук жаратайын деген оюм да жок", - деди.

Ошол учурда Канат Исаев: "Каттарга көңүл бурбай кол коё бересиңерби? Бизге бере албайбыз деп жатасыңар. Демек, силердин логика боюнча маалыматты Максим Бакиевге бересиңерби?" - деген суроо узатты.

Шамканов Исаев менен 1,5 жыл чогуу иштешкенин айтты. "Менин кандай иштей турганымды билесиз. Кимге берет, кандай берет деген ойлорду фантазиялап айтпай эле коюңуз", - деди Шамканов.

Буга чейин Канат Исаев комиссиянын ишине тоскоолдуктар жаралып жатканын айтып, парламенттин жыйынынын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан