9-Май - Жеңиш күнүнө карата борбордогу “Аккула” ат майданында 8-9-май күндөрү республикалык деңгээлде көк бөрү мелдеши өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы кабарлады. Айтылгандай, мелдешке өлкөнүн 4 командасы катышат. Алардын ичинде көп жылдардан бери бири-бирине атаандаш болуп келе жаткан Бишкектин “Бөрүлү” менен Ысык-Көлдүн “Кабылан” командалары дагы бар. Мындан сырткары 9-май күнү улуттук ат оюндарынын башка түрлөрү да ойнотулары күтүлүүдө.