Сапар Исаков жарым жыл ичинде онкология борборуна жабдуулар алынып, бөлүмдөр оңдолорун айтты

Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 30-мартта Улуттук онкология борборунда болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Борбор менен таанышуу учурунда Сапар Исаков онкология борборунун бир катар бөлүмдөрүн көрдү жана ооруканадагы медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты. Борбордун директорунун милдетин аткаруучу Эрнис Тилеков мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмалары боюнча ведомство тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Президенттин Аппаратынын жетекчиси онкология борборундагы көйгөйлүү маселелерди приоритеттүү тартипте чечүүнүн маанисин баса белгиледи.

"Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө, атүгүл кошуна өлкөлөрдө бул оору менен ийгиликтүү күрөшүп жатышса, бизде онкологиялык оорулардан каза болгондор көп. Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча биз ооруканадагы көйгөйлүү маселелерди тезирээк чечүү боюнча кадамдарды аныктадык. Жакынкы жарым жыл ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн зарыл жабдуулардын комплексин алып келип, бөлүмдөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүү, Улуттук онкология борборунун аймагын жашылдандыруу ишин бүткөрүү милдети турат", - деди Исаков.

Ушуга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Өкмөт алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине бир жуманын ичинде ушул милдеттерди аткаруу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Улуттук онкология борборундагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 12-14 миллион доллар керек. Бул үчүн гранттык каражаттарды тартуу, ал эми жетишпеген бөлүгүн бюджеттен бөлүү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан